• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Эшимбаев Катардын мамлекет министри менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катардын мамлекеттик министри, Эркин зоналар башкармалыгынын (QFZA) төрагасы Ахмад Мухаммад Аль-Сайед менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Эркин экономикалык зоналар аркылуу эки өлкөнүн кызматташуусун соода кызыкчылыктарын өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо жана түрдүү иш-чараларды биргелешип өнүктүрүү боюнча макулдашуу жетишилди.

Маалымат катары: Катар Эркин зоналары Катар мамлекетине чет элдик инвесторлорду жана бизнес ээлерин тартууга багытталган өлкөнүн экономикасын диверсификациялоо боюнча Катар өкмөтүнүн демилгелеринин бир бөлүгү болуп саналат. Катарда эки Эркин зонасы бар: Рас-Буфонтас жана Умм Аль-Хоул.

Рас-Буфонтас Эркин зонасы Хамад аэропорту менен байланышкан транспорттук системалардын жанында жайгашкан. Бул логистика, керектөө товарлары, жеңил өндүрүш, технология жана фармацевтика сыяктуу бизнес секторлоруна багытталган.

Умм Аль-Хоул Эркин зонасы Хамад ири соода деңиз портуна жакын жайгашкан. Деңиз жана оор өнөр жайды, жаңы технологияларды жана логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө багытталган.

Катарда Эркин зоналарды өнүктүрүү үчүн 2018-жылы Катар Эркин Зона Башкармалыгы (QFZA), көз карандысыз орган түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий