• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Элчи Эшимбеков Катардын "Аль-Ганнас" коомунун президенти менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 13-сентябрында Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катардын "Аль-Ганнас" коомунун президенти Али бин Хатем Аль-Махшади менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда ителги менен мергенчилик кылуу салтын сактоо жана өнүктүрүү жаатында кызматташуунун абалы жана келечеги, ошондой эле бул жаатта тажрыйба алмашуу боюнча пикир алмашуу болду. Алгыр куштардын популяциясын сактоого жана көбөйтүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында, талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо жана ар кандай өз ара иш-чараларды уюштуруу макулдашылды.

Маалымат катары: Катар Аль-Ганнас коому 2008-жылы түзүлгөн. Коомдун ишмердүүлүгү салттуу араб мүнүшкөрлүгүн сактоого жана популяризациялоого багытталган. Аль-Ганнас коому мүнүшкөрлүктү сүйүүчүлөрдүн катышуусу менен дайыма түрдүү иш-чараларды, ошондой эле мүнүшкөрлүк боюнча мелдештерди уюштурат.

Пикир

Оставить комментарий