• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Эшимбеков Катардын Соода жана өнөр жай министрлигинин өкүлү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-сентябрында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чынгыз Эшимбеков Катардын Соода жана өнөр жай министрлигинин Эл аралык кызматташтык департаментинин директору Ахмед Ахин менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда оода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү маселелери жана Кыргыз-катар өкмөттөр аралык комиссиясынын 2-жыйынын өткөрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо жөнүндө макулдашуу жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий