• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Элчи Гүлнара-Клара Самат Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинде болду

Коом 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинде болду. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында кыргыз элчиси университеттин ректору И. Краева, ошондой эле проректорлор жана университеттин профессордук-окутуучулук жамааты менен жолугушту.

Жолугушууда гуманитардык билим берүү тармагындагы мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды. Тараптар илимий жана билим берүү иш-чараларынын алкагында өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду колдоого даяр экендиктерин билдиришти. Мындан тышкары, Гүлнара-Клара-Самат жана И. Краева университеттин профессорлорунун тажрыйба алмашуусу жана синхрон котормочу катары квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

КРнын РФдагы элчиси университетке болгон иш сапарынын алкагында Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин студенттери менен да жолугушуу өткөрүп, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган лекция окуду.

Өз сөзүнүн алкагында Гүлнара-Клара-Самат улуттук маданиятты, салттарды жана жалпы адамзаттык руханий-адептик баалуулуктарды сактоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентинин "Жеке адамдын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу үчүн Бишкекте Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгына жана улуу акын Тоголок Молдонун 160-жылдыгына арналган дүйнөлүк эпостордун VI эл аралык фестивалы башталганын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси университетте окутуу тилдерди үйрөнүүдө профилдүү экенин эске алып, ММЛУ студенттерине кыргыз тили жөнүндө жана ушул жылдын 23-сентябры Кыргызстанда Мамлекеттик тил күнү майрамы тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий