• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Гүлнара-Клара Самат Татарстандын маданият министри менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 27-апрелинде Кыргызстандын Россиядагы эчиси Гүлнара-Клара Самат Татарстан Республикасынын маданият министри Ирада Аюпова менен жолугушту. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки республиканын бир тууган элдеринин ортосундагы руханий, маданий жана гуманитардык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар төмөнкү маселелерди талкуулашты:

- маданият жана искусство жаатындагы иш тажрыйбасы боюнча Кыргызстандын жана Татарстандын тиешелүү министрликтеринин ортосунда консультацияларды уюштуруу;

- маданияттын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча биргелешкен программаларды/долбоорлорду ишке ашыруу;

- чыгармачыл союздар менен ассоциациялардын ортосундагы кызматташтыкты жана өз ара байланыштарды чыңдоо, маданият жана искусство кызматкерлеринин ортосунда байланыш түзүү.

Ч. Айтматов атындагы чыгармачыл лабораторияны түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө макулдашылды.

Дүйнөлүк масштабдагы көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында элчи Казань шаарында Ч. Айтматовдун эстелигин орнотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары, көрүнүктүү кыргыз опера ырчысы, СССРдин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Болот Миңжылкиевдин 80 жылдык мааракесине карата 2021-жылы Казань шаарында эскерүү кечесин өткөрүү сунушу айтылды.

Пикир

Оставить комментарий