• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Элчи Исаев Индиянын Соода-өнөр жай палаталар федерациясынын аялдар канатынын президенти менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 19-ноябрда Нью-Делиде Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев Индиянын Соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын аялдар канатынын (FLO) президенти Каржиндер Каур Талвар менен жолугушуу өткөрдү.

Элчиликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн аялдар уюмдарынын ортосунда өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюу, B2B форматында өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулоо үчүн видео конференция өткөрүү, жана Индиянын штаттарынан бизнес делегациясын Кыргызстанга сапарын уюштуруу тууралуу макулдашышты.

Аялдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүү жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү темаларына арналган тегерек стол же пленардык сессияны биргеликте өткөрүү маселелери талкууланды. Эки өлкөнүн аялдар кыймылдарынын ортосунда талкууларга аянтча түзүү, тажрыйба менен алмашуу жана диалог мүмкүнчүлүктөрү сферасында тыгыз байланыштарды орнотуу зарылчылыгы белгиленди.

Маалымат үчүн: FLO – бул Индиянын Соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын (FICCI) аялдар канаты. Бул штаб-квартирасы Нью-Делиде жайгашкан бүткүл индиялык аялдар форуму болуп эсептелет. FLO 6800дөн ашуун ишкер аялдар жана профессионалдарын тартуулайт. 37 жылдан ашуун тажрыйбасы бар FLO семинарлар, конференциялар, тренингдер жана дараметин жогорулатуу жана башка программалар аркылуу аялдар арасында ишкердикти жана профессионалдык чебердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий