• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Исмаилова Корея ТИМ башчысынын орун басарына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-мартта Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Рю Джонг Хёнго ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Корея ышкы иштер министринин орун басары Рю Чон Хён элчи Аида Исмаилованы элчилик кызматына киришүүсү менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде элчи Исмаилова каалоо-тилектерге ыраазычылык билдирип, кыргыз-корей ар тараптуу мамилелерин мындан ары да чыңдоого бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө маектештер эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий