• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Исмаилова Кореянын Түндүк экономикалык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын президентине караштуу Түндүк экономикалык кызматташтык боюнча комитеттин төрагасы Пак Чон Су менен жолукту. Бул тууралуу Кореядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө жакынкы жылдарга тараптардын кызматташтыгынын келечектүү багыттары талкууланды.

Кадр потенциалын, инфраструктураны жогорулатуу, инвестицияларды тартуу, ошондой эле айыл чарба, транспорт жана логистика, энергетика, экология, билим берүү жана санариптештирүү тармактарында кызматташууну өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мындан тышкары, COVID-19 менен күрөшүүнүн алкагында саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.

Комитеттин төрагасы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мультипликативдик мамиленин маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгону Кыргыз - Түштүк Кореялык эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө кошумча дем берерин белгиледи.

Өз кезегинде, Исмаилова Корея Кыргызстан үчүн Азия-Тынч океан аймагындагы эң маанилүү өнөктөштөрдүн бири экенин билдирип, бул Кыргызстанды Түштүк Кореянын өкмөтү өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү менен тастыкталарын айтты.

Ошондой эле биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн жана өз ара сапарлардын жыштыгын жана эки тараптуу мамилелердин бардык деңгээлдеринде тыгыз өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий