• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Элчи Исмаилова Кореянын жаңы шайланган президентинин инаугурация аземине катышты

Коом 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Кечээ, 10-майда Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын жаңы шайланган президенти Юн Сок Ёлдун инаугурация аземине катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Инаугурация аземи Кореянын Улуттук ассамблеясынын (парламентинин) алдындагы аянтта “Корея Республикасы кайрадан! Жарандардын жаңы өлкөсү!” урааны астында өттү.

Иш-чарага 41 миңге жакын адам катышты. Алардын ичинде Кореянын экс-президенттери Мун Чжэ Ин менен Пак Кын Хе, Кореядан жана чет өлкөлөрдөн келген ардактуу коноктор, Улуттук ассамблеянын жана өкмөттүн мүчөлөрү, Сеулда аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, түштүк кореялык ири компаниялардын жетекчилери, коомдук, саясий жана маданий ишмерлер, ошондой эле атайын чакыруу алган карапайым жарандар бар.

Инаугурация аземинен кийин ардактуу коноктор жана дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын жетекчилери үчүн расмий кабыл алуу мааракеси уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий