• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Кадыркулов Украинанын ТИМ башчысынын биринчи орун басары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Украинанын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Эмине Жапарова менен жолукту. Бул тууралуу элчи социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле элчи Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толуп жатканын белгилөө менен, Эмине Жапарованы 22-декабрь “Украинанын Дипломатиялык кызматынын күнү” менен куттуктаган.

Пикир

Оставить комментарий