• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Кайрат Осмоналиев Азербайжандын юстиция министри менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын юстиция министри Фикрет Мамедов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар мамлекет башчыларынын иш сапарларын эске алуу менен 2022-жылдагы эки тараптуу кызматташуунун жыйынтыктарын талкуулашты.

Тактап айтканда, мамлекет башчылары Садыр Жапаров менен Илхам Алиевдин тиешелүү документтерге кол коюусунан улам өлкөлөр ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткени белгиленди. Укуктук чөйрөдөгү кызматташтыкка токтолуп, сот адилеттиги тармагындагы реформалар жана инновациялар тууралуу болду.

Тараптар ошондой эле быйыл Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгондугун канааттануу менен белгилешип, эки өлкөнүн Юстиция министрликтеринин ортосунда жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий