• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Карагулов Кувейт ТИМнин Азия департаментинин директору менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Кечээ, 23-декабрда Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов өтүп жаткан жылдагы эки тараптуу кызматташтыктын жыйынтыктары жана тараптардын жакынкы келечектеги пландарын талкуулоо максатында Кувейттин Тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинин директору, элчи Валид Али Аль-Хобайзи менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Элчи А.Карагулов эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилеринин ортосунда үзгүлтүксүз саясий байланыштарды жүргүзүүдө Департаменттин жигердүү салымы үчүн ыраазычылык билдирип, тараптардын саясий диалогу жогорку деңгээлге жеткенин белгилеп жана элчиликтин 2022-жылга болгон тапшырмалары менен тааныштырды.

Департаменттин директору В.Аль-Хобайзи Кувейт тараптын Кыргызстан менен саясий өз ара кызматташууну улантууга канааттангандыгын жана кызыкдар экендигин билдирди. Жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу, Тышкы иштер министрликтер аралык саясий кеңешмелерди өткөрүү, кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын жыйынынын мөөнөтүн аныктоо аракеттерди колдоду.

Тараптар үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүүгө жана келечекте белгиленген пландарды ишке ашырууга, анын ичинде ведомстволор аралык байланыштарды күчөтүүгө, соода-өнөр жай палаталары аркылуу иш сапарларды уюштурууга, эки өлкөнүн жеке секторлорунун ортосундагы өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө даярдыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий