• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Карагулов Кувейттин ТИМнин Укуктук департаментинин директору менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 13-сентябрында Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Тышкы иштер министрлигинин Укуктук департаментинин директору Ганем Сакр Аль-Ганем менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Кувейт Мамлекетинин ортосундагы 16 эки тараптуу макулдашуулар жана келишимдерден турган укуктук базанын деңгээлине оң баа беришти. Аны менен бирге, тараптардын кароосундагы эки тараптуу макулдашуулардын долбоорлорун карап чыгууну эртелетүү тууралуу пикир алмашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар, кол коюлган документтер эки өлкөнүн мыйзамдарына ылайык күчүнө кирүү жол-жоболорду кандай аткарылары менен таанышты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча КР менен Кувейттин ортосундагы укуктук базаны инвентеризациялоо боюнча үзгүлтүксүз кеңешмелерди өткөрүп туруу жөнүндө макулдашуу жетишилди.

Элчи А.Карагулов маектешине ыраазычылыгын билдирип, саясий, инвестициялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө негиз болгон укуктук базаны кеңейтүүдө биргеликте иш алып барууга даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий