• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан менен Түркиянын шаарлары ортосунда боордоштук мамиле орнотуу макулдашылды

Коом 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарындагы Чубук муниципалитетинин башчысы Баки Демирбаш менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү максатында тараптар Чубук менен Кыргызстандын шаарларынын биринин ортосунда боордоштук мамилелерди орнотууга макулдашты.

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы боордош шаарлар ортосундагы өнөктөштүктүн алкагында айрыкча мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды, ошондой эле орто жана кичи бизнести өнүктүрүү максатында өнөр жай ишканаларын куруу боюнча биргелешкен социалдык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий