• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Элчи Казакбаев Түркия парламентинин депутаттары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттарынын тобу менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымакта ылайык, жолугушууга Түркия парламентинин Адам укуктарынын бузулушун иликтөөчү комиссиянын төрагасы Хакан Чавушоглу, Коргоо комитетинин төрага орун басары Рефик Өзен, Айлана-чөйрөнү коргоо комиссиясынын төрага орун басары Мухаммет Муфит Айдын, Тергөө комитетинин төрага орун басары Осман Местен, Пландоо жана бюджет комитетинин мүчөсү Ахмет Кылыч жана Тышкы иштер комитетинин мүчөсү Аттила Одунч катышты.

Ошондой эле жолугушууга Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу Лира Сыдыкова жана Бурса шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу Билал Тутуш катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири алкактагы маселелерин талкуулашты.

Элчи Р.Казакбаев түркиялык депутаттарга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн тышкы карызын жашыл демилгелерди ишке ашыруу үчүн алмашуу демилгеси тууралуу кеңири маалымат берип, Кыргызстан «жашыл экономиканы» өнүктүрүүгө бекем багыт алганын билдирди жана түрк тарапты бул ишке активдүү катышууга чакырды.

Тараптар экономика жана саламаттык сактоо тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун мөөнөтүнөн мурда түзүү, ошондой эле Кыргызстандын 150 жаранын Түркиянын медициналык мекемелеринде жыл сайын бекер дарылоону караган саламаттык сактоо жана медициналык илим тармактарында кызматташуу боюнча макулдашууну кайрадан ишке ашыруу боюнча келишти.

Элчи Казакбаев берилген квотаны жылына 500 адамга чейин кеңейтүүгө, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Түркияда жүрүү шарттарын жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий