• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Казакбаев Түркиянын президентинин улук кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 06.02.23./Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын президентинин улук кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Жолугушууда тараптар Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагындагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, аймактык коопсуздуктун жана туруктуулуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Жолугушууда тарыхтын, тилдердин, маданияттардын жана салттардын жалпылыгы кыргыз-түрк мамилелеринин бекем пайдубалы экени өзгөчө белгиленди.

Мындан тышкары, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилигин макулдашуу жана дайындоо маселеси көтөрүлүп, Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын өз ара сапарларын, өлкөдө жашап туруу шарттарын жеңилдетүү, ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты арттыруу талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий