• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Кемелова БУУнун мурунку баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. КРнын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мурунку баш катчысы Пан Ги Мун менен кечээ, 9-апрель күнү жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Кыргызстандын элчиси жашыл ɵсүш боюнча глобалдык Институттун демилгеси менен ар кандай туруктуу өнүктүрүү боюнча долбоорлорго кызыгуусун билдирди.

Элчи Кемелова кыргыз өкмɵтүнүн БУУнун мекемелери менен туруктуу ɵнүгүүдөгү глобалдык милдеттерди ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш аракеттери жөнүндө маалымат берди.

“Тактап айтканда мамлекеттин алдында бир топ орчундуу максаттар турат, алардын катарына тɵмɵнкүлөр кирет: элди таза суу, кымбат эмес жана таза энергия менен камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо, жакырчылыкты жана ачкачылыкты жоюу, ɵзгɵчɵ Кыргызстандын алыскы аймактарында Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу мөӊгүлөрдүн жоголушу жана табигый кырсыктарга дуушар болуу коркунучу алдында турат”, - деди ал.

Пан Ги Мун Кыргызстанда эки жолу болгонун айтып, кыргыз жеринин кооз табиятын эч качан унутпай турганын баса белгиледи.

Тараптар жогоруда белгиленген тармактардагы кызматташуу боюнча пикир алмашышып, ошондой эле Кореянын жогорку окуу жайларында жана Глобалдык институттарында кыргызстандык студенттердин жана изилдөөчүлөрдүн санын кɵбөйтүү жөнүндө дагы ой бөлүшүштү.

Эске сала кетсек, учурда Пан Ги Мун жашыл өсүш боюнча глобалдык Ассамблеянын Президенти жана туруктуу өнүгүү Борборунун Глобалдык катышуу мүмкүчүлүктөрдү жана укуктарды кеңейтүү Институтунун ардактуу Президенти болуп эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий