• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Элчи Кемелова "Hyundai Motors" компаниясынын вице-президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 4-августта Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Динара Кемелова "Hyundai Motors" компаниясынын вице-президенти Кён Су Ким менен жолукту. Бул тууралуу КРнын Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун келечегин, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Элчи Кемелова Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берип, коронавирустан кийинки мезгилинде тыгыз кызматташууну сунуш кылган.

Вице-президент өз кезегинде компаниянын потенциалы жөнүндө маалымат берип, келечекте өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артарын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий