• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Кемелова Кореядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 20.06.20./Кабар/. Чханнён шаарында Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелованын Кёнсан-Намдо провинциясындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарынын Корея Республикасында жашоосу, эмгек миграция, коронавирустун кесепетинен миграциялык эрежелердеги өзгөрүүлөр, ошондой эле Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы аба каттамдары боюнча суроолор талкууланды.

Элчи кыргыз диаспорасынын мүчөлөрүнө КРнын Кореядагы элчилигинин жүргүзүп жаткан иштери, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын укугун коргоо, ошондой эле EPS программасынын (иштөөгө уруксат берүүчү кореялык система) алкагында иштеп жаткан эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн талкуулаган конференциянын жыйынтыктары жөнүндө айтып берди.

Кемелова Кыргызстандын жарандарын консулдук каттоого турууга жана келе жаткан парламенттик шайлоонун алдында биометрикалык маалыматтарды тапшырууга чакырды, ошондой эле кыргызстандыктарды Кореянын жашоочуларынын арасында Кыргызстандын позитивдүү имиджин алдыга жылдыруу үчүн презентацияларга активдүү катышууну суранды.

Ошондой эле элчиликтин делегациясы «Додамхобы» компаниясынын кеңсесине барып, анын директору, Кыргыз Республикасынын Пусан шаарындагы ардактуу консулуна талапкер Чу Сок Ёнг мырза менен жолугушту жана Кыргызстандын экспорттук потенциалын биргелешип илгерилетүү, коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга гуманитардык жардам тартуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий