• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Кемелова Кореянын Лыжа жана сноуборд ассоциациясынын президенти менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Кечээ, 6-майда Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Кореянын Лыжа жана сноуборд ассоциациясынын президенти Квак Сың Ёнг. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар лыжа жана сноуборд тебүү максатында Кыргызстанга келчү туристтердин жана спортчулардын санын көбөйтүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Элчи Динара Кемелова Кыргызстандын Лыжа спорту боюнча федерациясы менен кызматташууну активдештирүүнү жана Кыргызстандын аймагында эл аралык турнирлерди жана мелдештерди биргелешип уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий