• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Элчи Кемелова "Корея телеком" корпорациясынын жетекчилиги менен биргелешкен долбоорлорду талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-июнунда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова Дүйнөлүк бизнес топтун улук вице-президенти Мун Сонг Ук баштаган “Корея телеком” (КТ) корпорациясынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө КТ өкүлдөрү корпорациянын ишмердүүлүгү жөнүндө презентация жасашып, ал дүйнөдө биринчи жолу коммерциялык бешинчи муундагы (5G) зымсыз тармакты баштагандыгын маалымдашты.

Элчи жана улук вице-президент каржы жаатында, анын ичинде интернет-банкинг, саламаттыкты сактоо, мейманкана инфраструктурасы, энергетика, медиа-контент жана “Акылдуу шаар” жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Өз кезегинде элчи Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жөнүндө айтып берди.

Тараптар жакынкы аралыкта инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү үчүн делегациянын Кыргызстанга иш сапары менен келүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Маалымат үчүн: KT (мурунку Корея Телеком) Түштүк Кореядагы интеграцияланган зымдуу жана зымсыз телекоммуникация кызматтарынын ири провайдери. КТ маалыматтык технологиялар, мейманкана инфраструктурасы, интернет-банкинг, медиа-контент, каржы жана башка чөйрөлөрдө иштейт. Корпорациянын курамына 41 туунду компания кирет. КТда 58 миңден ашык адам иштейт.

КТнын дүйнөнүн 17 өлкөсүндө кеңселери бар жана 28 ар кандай эл аралык долбоорлорду ишке ашырат.

Пикир

Оставить комментарий