• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Кемелова кыргызстандык самбисттерди жеңиши менен куттуктап, сый тамакка чакырды

Спорт 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин жалпы жамааты Дүйнɵлүк уруш өнөрлөрүнүн оюндарында жеңген кыргызстандык самбисттерди куттуктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Мелдеш Түштүк Кореянын Чунгджу шаарында ɵттʏ.

Кыргызстандын спортчулары жалпы тайпалык жыйынтыкта үчүнчү орунду ээлешти. Тактап айтканда, Кыргызстандын самбисттери 3 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медалдарды утушту.

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова спортчуларды мыкты жетишкендиктери менен куттуктап, эл аралык аренада Кыргызстандын имиджин жогорулатууда жана популяризациялоого кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле аларга бекем ден-соолук жана келечекте кɵптɵгɵн ийгиликтерди каалады.

Элчиликтин кызматкерлери сый тамак уюштуруп, тɵмɵнкʏ спортчуларга чакан белектерди тапшырды:

  1. Абжалиев Фархад (алтын медаль);
  2. Шакирмаматов Эдилбек (алтын медаль)
  3. Бараканов Саяк (алтын медаль);
  4. Жолдошказиев Турарбек (күмүш медаль);
  5. Абдыкадырова Эльза (коло медаль);
  6. Алиев Айдос (коло медаль);
  7. Кенжебаев Эламан (коло медаль).

Пикир

Оставить комментарий