• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Элчи Кемелова Түштүк Кореянын Yonhap маалымат агенттигинин жетекчилиги менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Ушул жылдын 7-июнунда Кыргызстандын элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореянын Yonhap маалымат агенттигинин президенти жана башкы аткаруучу директору Чо Сонг Бу менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Динара Кемелова маектешине Кыргызстанда болуп жаткан окуялар, өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалар жана өкмөт тарабынан өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берип, кыргыз жана корей элдеринин окшоштугун, анын ичинде демократиялык баалуулуктарды белгиледи.

Динара Кемелова Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана мамлекетте өткөрүлүп жаткан ар кандай маданий-гуманитардык иш-чаралар жөнүндө кеңири айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Түштүк Кореянын Yonhap маалымат агенттиги менен "Кабар" Кыргыз Улуттук маалымат агенттигинин ортосундагы кызматташтыкты канааттануу менен белгилеп, тараптардын мындан ары өз ара аракеттенүүсүн арттыруу жолдорун талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий