• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Кемелова Жашыл климаттык фонддун директорунун орун басары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Дүйшөмбү, 4-ноябрь күнү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова Жашыл климаттык фондунда (ЖКФ) болуп, Фонддун аткаруучу директорунун орун басары Хавьер Мансанарес менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда элчи Д. Кемелова, үстүбүздөгү жылдын 19- ноябрында Кыргызстанда боло турган “Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү” форумун өткөрүү жана ага Фонддун жетекчилеринин катышуусу маанилүү экендигин белгилеген.

Тараптар азык-түлүк коопсуздугу боюнча Кыргызстандын аярлуу топторунун мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, токойлорду сактоо жана жайыттарды өнүктүрүүгө болгон инвестициялар, Кыргызстандын айрым облустарынын климаттын өзгөрүшүнө болгон ыңгайлашуусу, селдерден калкты коргоо боюнча чараларды көрүү боюнча келечектеги долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашкан.

Ошондой эле, элчи Фондго Кыргызстандын мөңгүлөрүн коргоо, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана кургакчылыкка туруктуу айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө шарттарды түзүү боюнча долбоорлорду кароо жана колдоо сунушун айткан.

Аткаруучу директордун орун басары белгилегендей, бүгүнкү күндө Фонддо 8 миллиард доллардан ашык каражат топтолуп турат жана Фонд эл аралык уюмдар менен мамлекеттик органдардын гана долбоорлорун карабастан, Жашыл климаттык фонддо аккредитациядан өткөн өкмөттүк эмес уюмдардын жана жеке сектордун долбоорлорун кароого мүмкүнчүлүгү бар.

Анын айтымында, мамлекеттик органдар, өкмөттүк эмес уюмдар жана жеке ишкерлер кирүү акысын төлөп аккредитациядан өтө алышат.

Пикир

Оставить комментарий