• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Кулубаев Астанада кыргыз диаспораларынын жетекчилери менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 20.02.19 /Кабар/. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев Астана шаарында жашап жаткан кыргыз диаспораларынын жетекчилери менен жолукту.

Дипломат мекендештерди Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан чет ɵлкɵлɵрдɵ жашап жаткан мекендештер менен иш-алып баруунун эффективдʏʏлʏгʏн жакшыртуу боюнча иштери, аны менен бирге Казакстанда жашап жаткан кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча, ошондой эле бул багытта Элчиликке жʏктɵлгɵн тапшырмалар менен тааныштырды.

Ошондой эле Кулубаев Кыргызстандын инвестициялык жактан жагымдуулугун арттыруу боюнча, Казакстан менен маданий-гуманитардык карым-катнаштарды тереңдетʏʏ жана соода-экономикалык мамилелерди ɵркʏндɵтʏʏ боюнча Элчилик алып барып жаткан иштер жɵнʏндɵ айтып берди.

ϴз кезегинде Астанада жашап жаткан мекендештерибиз кыргызстандыктардын Казакстанда жʏрʏп-туруусун жакшыртуу боюнча бир катар ой-пикирлерин билдирип, аларды эки ɵлкɵнʏн тиешелʏʏ кызыкдар органдарына жеткирип коюуну ɵтʏнʏштʏ.

Мекендештер Кулубаевге Кыргызстандын Казакстандагы жаңы Элчисинин кызматында ийгиликтерди каалашты.

Пикир

Оставить комментарий