• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Кулубаев менен Казакстан Сенатынын спикери Дарига Назарбаева чек ара маселесин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Нур-Султан шаарында Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев Казакстан Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева менен жолукту. Бул тууралуу КРнын Казакстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда эки тараптуу саясий актуалдуу маселелер, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык, ошондой эле эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык мамилелерди мындан ары бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Кулубаев ЕАЭБдин алкагында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык маселелерине токтолуп, чек арадагы жабуулар тууралуу сөз кылды.

Тараптар 2019-жылдын 27-ноябрында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле кыргыз элчиси Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун Дарига Назарбаеваны жакын арада Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгын билдирди.

Жолугушуунун аягында тараптар эки өлкөнүн мамилелерин мындан ары да бекемдөө жана өнүктүрүү максатында жумушчу байланыштарын бекемдөө боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий