• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Кулубаев Нур-Султанда кыргыз адабиятына арналган семинарга катышты

Маданият 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев Казакстандын Нур-Султан шаарында Эл аралык Түрк академиясы уюштурган “Манас” эпосу жана азыркы кыргыз адабияты аттуу семинарга катышты. Бул тууралуу КРнын Казакстандагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, семинарда жазуучу, драматург, президенттин аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси Султан Раев, Эл аралык Түрк академиясынын Президенти Дархан Кадырали, акын, Казакстандын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Улукбек Есдаулетов, акын, манасчы Баянгали Элимжанов, адабият сынчы Уларбек Нургалым, акын, котормочу Саят Камшыгер, агартуучу Кадырали Конкобаев жана башкалар сөз сүйлөштү.

"Семинардын алкагында казак тилине которулган С.Раевдин “Жан Жаза”, Ч.Айтматовдун “Бала кез”, “Азыркы кыргыз поэзиясы” китептери жана М.Мергенбаевдин версиясында латын тамгасында басылган “Манас” эпосунун бет ачары болду. Элчи Ж.Кулубаев өзүнүн сөзүндө семинардын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирүү менен бирге ушул сыяктуу иш-чаралардын эки элдин маданиятынын жакындашуусуна кошкон баалулугун баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Семинардын катышуучулары китептер жөнүндө ой бөлүшүп иш-чара жылуу маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий