• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Элчи кызматына талапкер Түштүк Корея менен кызматташуунун багыттарын айтып берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчи кызматына талапкер Динара Кемелова Корея менен кайсы багытта кызматташууну ойлонуштуруп жатканын айтып берди.

ЖКнын Эл аралык иштер жана коопсуздук комитетинин отурумунда ал Түштүк Корея өлкөбүзгө инвестиция кылууга даяр болгон 100 млн. долларга ири долбоор каралып жатканын айтты.

"Бул макулдашуунун алкагында медицина тармагындагы долбоорлор иштеле баштады. Мисалы, клиникалык бейтапкананын курулушу. Социалдык объекттердин курулушуна 9 млн. доллар бөлүнүп жатат. Учурда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деди ал.

Мындан тышкары Кемелова Кыргызстан менен Түштүк Кореянын кызматташуусунун келечектүү багыттарынын бири билим берүү тармагы экенин белгиледи. Ал билдиргендей, Кореяда 400гө жакын кыргызстандык студент билим алат.

"Ошондой эле унаа, логистика жана текстиль өндүрүшү боюнча кызматташууга болот", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий