• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Өмүралиев 24-Евразия экономикалык саммитинин онлайн панелдик сессиясына катышты

Саясат 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9-июлунда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев «Marmara Group» фонду тарабынан уюштурулган 24-Евразия экономикалык саммитинин онлайн панелдик сессиясына катышты. Бул тууралуу Түркиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары М.Демиржан, Кытайдын, Казакстандын, Бангладештин, Грузиянын, Пакистандын жана башка өлкөлөрдүн Түркияда аккредитацияланган элчилери, ошондой эле илимпоздор жана эксперттер катышкан панелдик сессия «Көмүртектен эркиндүүлүк (аны азайтуу) тенденциясынын шартында Бир алкак-бир жол долбоорун ишке ашыруу» деп аталган темада өттү.

Панелдик сессиянын алкагында элчи Өмүралиев “Бир алкак-бир жол” долбоорунун алкагындагы келечектүү инфраструктуралык долбоорлор жөнүндө, атап айтканда, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча долбоор жөнүндө маалымат берди.

К.Өмүралиев Борбордук Азия, Кавказ жана Түркия аркылуу Европага чыгуу мүмкүнчүлүгү менен транспорттук артерияларды түзүүнү жана тарыхый Жибек жолун калыбына келтирүүнү көздөгөн "Жибек Жолунун экономикалык алкагы" жана Кытайдан Кыргызстан-Өзбекстан аркылуу темир жол куруу долбоорлорунун келечеги чоң экенин белгиледи.

Элчи Өмүралиев бул темир жол долбоорунун ишке ашырылуусу ишкерлерге Кытай менен Кыргызстан аркылуу соода жүргүзүү үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн айтты. Ушуга байланыштуу К.Өмүралиев ишкерлерди Кыргызстанга инвестициялоого, өндүрүш ачууга жана логистикалык борборлорду түзүүгө үндөдү.

Маалымат үчүн: Евразия экономикалык саммити (ЕЭС) бул «Marmara Group» фонду тарабынан жыл сайын уюштурулуп, ага мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар, элчилер, коомдук жана илимий ишмерлер, ошондой эле эл аралык эксперттер катышат. «Marmara Group» фонду 1985-жылы негизделген бейөкмөт уюм, жолугушууларды, семинарларды, конференцияларды уюштуруп, илимий эмгектерди жана докладдарды даярдайт, ошондой эле Түркиянын көйгөйлөрүнүн чечүү жолдорун издейт.

Биринчи ЕЭК 1998-жылы өткөрүлгөн. 24-ЕЭК 2021-жылы 8-июлда онлайн түрүндө ачылды жана ар кандай маселелерге арналган панелдик сессиялардан турат.

Пикир

Оставить комментарий