• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Өмүралиев Анкара провинциясынын депутаты менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-августунда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара провинциясынын депутаты, ошондой эле Улуттук билим берүү, маданият, жаштар жана спорт комитетинин мүчөсү Зейнеп Йылдыз менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты жана маданият тармагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Пикир

Оставить комментарий