• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Өмүралиев Анкара шаарындагы этникалык кыргыздар жашаган районго барды

Коом 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. 23-июнь күнү Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин этникалык кыргыздар жашаган Анкара шаарына караштуу Чубук районуна иш сапары болуп ѳттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын алкагында Чубук районунун мэри Баки Демирбаш жана акими Угур Сезер менен маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери, анын ичинде Чубук районунда жашаган этникалык кыргыздарга жардам кѳрсѳтүү маселеси талкууланган.

"Чубук районунда жашаган этникалык кыргыздардын кѳпчүлүк бѳлүгүнүн ата-теги Алайдан болгондугун эске алуу менен, ошондой эле ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, тараптар Кыргызстандын Ош облустуна караштуу Алай району менен Түркиянын Анкара шаарына караштуу Чубук районунун ортосунда достук жана боордоштук байланыштарды түзүү максатка ылайыктуулугун белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө Чубук районунун кѳчѳсүнѳ же болбосо паркына кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун ысымын ыйгаруу, ошондой эле "Ата Журт" этнокомплексин куруу үчүн жер тилкесин бѳлүп берүү макулдашылган.

Пикир

Оставить комментарий