• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Өмүралиев Анталья провинциясына иш сапар менен барды

Коом 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. 2019-жылдын 15-17-октябрь күндөрү Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анталья провинциясына иш сапары менен барган, - деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Иш сапардын алкагында элчи Анталья шаарында иштеп жаткан кыргыз диаспораларынын мүчөлөрү, жарандардын таламын жана укуктарын коргоо максатында Анталья шаарынын аймактык миграция боюнча башкармалыгынын жетекчиси Гезде Озкорул, Анталья провинциясынын губернатору Мюнир Каралоглу, Мэри Мюхиттин Божек менен жолугушууларды ѳткѳрдү.

"Жарандар менен болгон жолугушууда алардын укуктарын коргоо, Кыргызстандын аймагында туруп уруксатсыз кыргыз жарандарын Түркияга ишке жөнөтүү каналдарын кысуу, адамдарды сатуу маселелери талкууланып, Туркиянын аймагындагы чет элдик жарандардын укуктары тууралуу маалымат китепчелер таратылды. Андан тышкары, Анталья шаарынын аймактык миграция боюнча башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен суроо-жооп уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.

Элчи К.Өмүралиевдин Анталья провинциясынын губернатору М.Каралоглу жана мэри М.Божек менен жолугуп, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгын белгилешкен. Ошондой эле туризм жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Андан тышкары, элчи Анталья аймагынын губернатору жана шаардын мэри, жергиликтүү башкаруу органдарынын башчыларынын жана Анкара шаарындагы чет өлкөлүк элчилеринин катышуусу менен уюштурулган “Жашылча-жемиш" көргөзмөсүнө катышкан.

Пикир

Оставить комментарий