• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Өмүралиев Кечиөрен муниципалитетинин башчысына КРнын Ардак грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 26-августунда КР президенти Садыр Жапаровдун атынан Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиев Анкаранын Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынокко Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Анкаранын Кечиөрен муниципалитетинин Каракол шаары жана Бишкек шаарынын Ленин району менен боордош мамилелери бар. Т. Алтыноктун активдүү жардамы менен муниципалитеттин аймагында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы жана Кыргызстан-Манас атындагы парктардын жана Ч. Айтматовдун ушул эле аталыштагы паркында эстелиги ачылган.

Пикир

Оставить комментарий