• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Элчи Өмүралиев кыргыз-түрк өнөр жай форумунун видеоконференциясына катышты

Коом 0

Бишкек, 12.12.20 /Кабар/. Кечээ, 11-декабрда Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев КР Өнөр жай палатасы менен Түркиянын Соода палаталар жана товардык биржалар Союзу ортосундагы кыргыз-түрк өнөр жай форумунун түрк тарабынын мүчөлөрү-бизнесмендери менен болгон видеоконференцияга катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө элчи Өмүралиев катышуучуларга Кыргызстандагы экономикалык кырдаал, өлкөбүздө инвесторлорду жана ишкерлерди коргоо жана колдоо үчүн көрүлүп жаткан чаралар, анын алкагында КР өкмөтүнүн жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилеринин Бишкекте жана региондордо ишкерлер менен жолугушуулары жөнүндө маалымат берди. Өмүралиев түрк ишкерлерин биздин өлкөнүн экономикасына активдүү инвестициялоого чакырды.

Жогоруда айтылган чаралардын практикалык кадамы катары К.Өмүралиев ишкерлердин ишмердүүлүгүн жеңилдетүүгө багытталган КРнын мамлекеттик мекемелери тарабынан бизнести текшерүүлөрүнүн дагы бир жылга – 2022-жылга чейин токтотулуусун белгиледи.

Ошондой эле түрк ишкерлери менен 2021-жылда Ысык-Көл облусунда эки өлкөнүн бизнесмендеринин катышуусу менен Кыргыз-түрк бизнес-форумун өткөрүү маселеси талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий