• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Элчи Өмүралиев менен Түркиянын Улуттук жыйынынын депутаты кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. КРнын Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын депутаты, Кыргызстан-Түркия парламенттик достук тобунун мүчөсү Нихат Йешил менен жолугушту, - деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык байланыштарды, ошондой эле маданий жана соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты, инвестицияларды тартуу жана Кыргызстанда биргелешкен соода-өнөр жай ишканаларын түзүү маселелерин талкуулашты.

Депутат Нихат Йешил Кыргыз Республикасында президенттик шайлоонун жана референдумдун ийгиликтүү өтүшү жана Кыргыз Республикасынын жаңы президентинин шайланышы менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий