• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Өмүралиев Стамбулда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6-7-апрелинде Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Стамбулда өткөн "Luxury B2B MICE Event and Conference" аттуу туризм тармагындагы конференцияга катышты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылышында элчи негизги баяндамачы катары чыгып, өз сөзүндө туризмдин абалы жана өнүгүшү, ошондой эле Кыргызстанда коронавирустан кийинки мезгилдеги мындан аркы перспектива жөнүндө маалымдады.

"Иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн Кыргызстандагы туризмдин түрлөрүнө жана эл аралык эксперттердин берген бааларына, анын ичинде дүйнөгө белгилүү ММКлар жана агенттиктер тарабынан 2019, 2020 жана 2021-жылдары Кыргызстандын саякаттоо үчүн алдыңкы 10 өлкөнүн катарына киргизилгендигине бурду", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Конференциянын экинчи күнү панелдик сессияда сөз сүйлөгөн Өмүралиев Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө презентация жасады.

"Өлкөбүздүн туризм тармагына инвестиция тартуу максатында элчи туроператорлордун өкүлдөрүн Кыргызстанга саякат уюштурууга, ал эми ишкер чөйрөлөрдү туризм тармагына инвестиция жасоого үндөдү. Ошол эле учурда, Кыргызстанга инвестиция жасоо үчүн туризм чөйрөсүндө чоң потенциал жана ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттар бар экендигине көңүл бурду: либералдык укуктук база, инвестицияларды коргоо, төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүү үчүн чыгымдар", - деп айтылат.

Биздин өлкөгө туристтерди тартуу үчүн иш-чаранын алкагында элчи Американын туроператорлор Ассоциациясынын (USTOA), Стамбул туристтик Ассоциациясынын (ISTTA), Эл аралык экотуризм Коомунун (TIES) жетекчилери жана башка конференцияга катышкан дүйнө жүзү боюнча турларды уюштурган туристтик компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Конференцияга жана көргөзмөгө ар кайсы өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк туроператорлор, көптөгөн түрк фирмалары, ошондой эле Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин өкүлдөрү жана туристтик шаарларынын мэрлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий