• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Өмүралиев түрк тарабын Ысык-Көл аэропортун реконструкциялоого катышууга чакырды

Саясат 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-декабрында Кыргызстандагы Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун күн тартибинде болгон жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагындагы Кыргызстандын долбоорлоруна инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Өмүралиев түрк тарабын Бишкектин айланма жолун жана Бишкек-Ош жолундагы альтернативдик тоннелин куруу, Ысык-Көл аэропортун реконструкциялоо жана башка долбоорлорго катышууга чакырды.

Министр Караисмаилоглу кызматташууга даяр экенин билдирип, түрк компанияларына Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууну сунуш кыларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий