• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Өмүралиев Түркия ИИМнин миграция башкармалыгынын дирекциясынын жетекчиси менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Ички иштер министирлигинин миграция башкармалыгынынбБашкы дирекциясынын жетекчиси Абдуллах Аяз менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КРнын жарандарынын Түркияда жүрүү жана алардын укутарын коргоо маселелерин талкуулап, эки мамлекеттин тиешелүү органдары тарабынан адам сатууну жана мыйзамсыз миграцияны алдын алуу боюнча алдын ала чараларды иштеп чыгуу жана көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгына көңүл бурушту.

"Андан тышкары, Түркияда жашап турууга укук алууда КР жарандары үчүн тарифтерди азайтуу маселеси талкууланды. Бул маселеге түрк тарап ТР каржы министрлиги тарабынан бекитилген тариф бардык чет элдиктер үчүн бирдей экенин жана өзгөртүлбөстүгүн белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий