• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Өмүралиев Түркия парламентинин депутаттары жана Караман аймагынын ишкердик уюмдарынын башчылары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 22-декабрында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынындагы ТРнын Караман провинциясынан депутаттары Р. Шекер жана С. Эсер, ошондой эле Караман аймагынын Соода-Өнөр-жай жана Айыл-чарба палаталарынын Төрагалары М. Алкан жана М. Байрам менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Өмүралиев катышуучуларга өлкөдөгү саясий жана экономикалык кырдаал, анын алкагында 2021-жылдын 10-январында боло турган КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум тууралуу маалымдады.

Элчи өлкөдөгү инвесторлорду жана ишкерлерди коргоо жана колдоо үчүн көрүлүп жаткан чараларды, анын алкагында КР өкмөтүнүн жана Тышкы иштер министрилигинин жетекчилеринин Бишкекте жана региондордо ишкерлер менен жолугушканын белгиледи.

Ошондой эле түрк тарабына Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, тагыраак айтканда, бизнес жүргүзүү шарттары жана ишкерлер үчүн төмөн салыктар тууралуу маалымат берип, Карамандын Соода-Өнөр-жай палатасынын бизнесмендерин 2021-жылы Ысык-Көл облусунда өткөрүү пландалып жаткан Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагындагы кыргыз-түрк Бизнес-форумуна катышууга чакырды.

Тараптар 2020-жылдын 18-22-январында өткөн Бизнести өнүктүрүү боюнча экинчи форумдагы макулдашуулардын ишке ашырылуусун, тагыраак айтканда, 2021-жылда Кыргызстанда үчүнчү форумдун өткөрүлүшүн талкуулашты.

Р. Шекер экинчи форумда катышкан эки өлкөнүн ишкерлери байланыштарды үзбөй, Кыргызстанда өндүрүштөрдү ачуу боюнча макулдашууларды ишке ашырууга аракет жасап жаткандыгын белгиледи.

Ал ушул жылдын 26-30-декабрында 5 түрк ишкеринен турган топ менен Кыргызстанга инвестициялоо жана биргелешкен өндүрүштөрдү ачуу максатында Кыргызстанга иш сапар менен бара тургандыгын маалымдады. Ошондой эле Р. Шекер кийинки бизнес-форумду 2021-жылы Кыргызстанда өткөрүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле К.Өмүралиев 2021-жылдын январь айынын башында Р.Шекердин жана ага кесиптеш депутаттардын Түрк тилдүү өлкөлөрүнүн парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) алкагында КРнын президентин шайлоодо байкоочу катары Кыргызстанга болочок сапарын оң багыттан кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий