• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Өмүралиев Түркия президентинин алдындагы Диний иштер боюнча башкармалыгынын төрагасы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия президентинин алдындагы Диний иштер боюнча башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаш менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн дин жана диний билим берүү маселелери боюнча кызматташууну талкуулашкан.

"Тактап айтканда, элчи Өмүралиев КРнын Ыйман фондуна бөлүнүп берилген 5 млн доллар өлчөмүндөгү түрк гранты 2015-2019-жылдары имамдарды окутууга, алардын билим жана потенциалын көтөрүүгө, стипендияларды берүүгө, InsanKG аттуу маалыматтык порталды түзүүгө ж.б. багытталганын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, элчи Ыйман фондунун 2019-2022-жылдарга карата Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө, медреседеги диний билим берүүнү реформалоо, чет өлкөлөрдөгү КРнын жараны болгон студенттерди билим жана материалдык жагынан колдоо боюнча көздөлгөн долбоорлор жөнүндө маалымат берди жана Ыйман фондуна түрк грантынын 5 млн доллар өлчөмүндөгү экинчи траншын бөлүп берүү маселесин көтөрдү. А:Эрбаш бул маселе ТРнын Тышкы иштер министрлиги менен боло турган консультациялардан жана Түркиянын президенти бекиткенден кийин чечилээрин белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий