• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Өмүралиев Түркияда окуусун аяктаган кыргызстандык бүтүрүүчүлөр менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. 3-июль күнү Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Маданият министрлигинин алдындагы Чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тууган коомчулуктар башкармалыгынын "Türkiye Bursları" ("Түркия стипендиялары") программасынын бүтүрүүчүлѳрүнѳ диплом тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Салтанаттуу аземге президент Режеп Тайып Эрдоган, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тууган коомчулуктар башкармалыгынын башчысы Абдулла Эрен катышкан.

"Дипломдорду 165 ѳлкѳдѳн келген, анын ичинде кыргызстандык бүтүрүүчүлөр да алышты. Элчи Өмүралиев бүтүрүүчүлѳрдү диплом алышы менен куттуктап, кызматтык жолунда жана мындан ары ѳнүгүүлѳрүнѳ ийгиликтерди каалап кетти", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат: Учурда “Türkiye Bursları” ("Түркия стипендиялары") программасы боюнча ѳз эсебинен же болбосо стипендия боюнча 182 ѳлкѳдѳн 150 миӊ студент Түркияда билим алышууда.

Пикир

Оставить комментарий