• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өмүралиев Түркиядагы ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Бурсанын Соода жана өнөр жай палатасынын башкаруу кеңешинин жетекчилиги жана мүчөлөрү, ошондой эле ишкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Түркиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда элчи Өмүралиев Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат, бизнес жүргүзүү шарттары (либералдуу салыктар, бизнес жүргүзүүгө кеткен чыгымдар ж.б.), макроэкономикалык көрсөткүчтөр, Кыргызстандын тышкы соодасы тууралуу маалымат берди.

Андан тышкары, элчи Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчөлүгү жана Европа Биримдигинин Жалпы преференциялар системасы (ЖПС +) тууралуу презентация тартуулады.

Ошондой эле түрк ишкерлерин кызыктырган суроолорго жооптор берди.

Пикир

Оставить комментарий