• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Элчи Өмүралиев Түркиядагы Жаш ишкерлер ассоциациясынын төрайымы менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 04.07.21./Кабар/. 2021-жылдын 1-июлунда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиядагы Жаш ишкерлер ассоциациясынын (TUGIAD) төрайымы Нилүфер Чевикел менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана TUGIADдын Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пландарын талкуулашты.

Н.Чевикел Кыргызстанга болгон иш сапары жөнүндө жана башка долбоорлордун катарында TUGIAD ТИКА жана биздин өлкөдөгү түрк ишкерлери менен биргеликте жакын арада Баткен облусунда стадион куруу долбоорун ишке ашыра турганын маалымдады.

Өз кезегинде элчи Өмүралиев Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жөнүндө маалымат берди жана Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды ЕАЭБдин 180 млн кишилик базарына, ошондой эле ЖПС+ жана ЖПС программаларынын алкагында Европа Биримдигине 6200 жана АКШга 3200 товардын түрлөрүн бажы төлөмдөрсүз экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар экенине көңүл бурду. Ошондой эле К.Өмүралиев биздин мамлекетте салыктар жана бизнес жүргүзүү чыгымдары төмөн экендигин белгиледи.

Н.Чевикел TUGIAD мүчөлөрү Кыргызстандын текстиль, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы жана спорт тармактарына инвестициялоого кызыкдар экендигин айтты.

Элчи Өмүралиев банк тармагына жана айыл чарбага инвестициялоону сунуштады. Ошол эле учурда, К.Өмүралиев Кыргызстанда башынан ачык жана айкын, мыйзам чегинде иштеген түрк ишкерлери 20 жылдан ашуун убакыттан бери биздин мамлекетте иштеп келгендигине маектешинин көңүлүн бурду.

Пикир

Оставить комментарий