• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Өмүралиев түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга жана өндүрүш ачууга чакырды

Саясат 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-декабрында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Конья провинциясына болгон иш сапардын алкагында Коньянын Соода жана өнөр-жай палаталарынын президенттери Селчук Өзтүрк жана Мемиш Күтүкжү менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуулардын жүрүшүндө элчи Өмүралиев Конья бизнес чөйрөсүнө Кыргызстандагы инвестициялык потенциал жана бизнес жүргүзүү үчүн шарттар, анын ичинде аймактагы салыктардын аздыгы, капиталдын эркин кыймылы жана гидроэнергетикалык потенциал жөнүндө малымат берди.

Мындан тышкары, элчи Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнүн базарларына, ошондой эле жалпы преференциялар системасы+ (ЖПС+) программасы менен 6 миң 200 даана аталыштагы товарларды Европа Биримдигине жана ЖПС+ программасынын алкагында 3 миң 500 даана аталыштагы товарларды АКШга бажы алымдарсыз экспорттоо мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү жана кайра иштетүү, ошондой эле айыл чарба техникаларын өндүрүү боюнча Конья алдыңкы провинция экенин эске алып, элчи Өмүралиев коньялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга жана өндүрүш ачууга чакырды.

Аталган макулдашууларды ишке ашыруу максатында Конья Соода жана өнөр-жай палаталары кыргыз ишкерлеринин курамын 2022-жылдын 8-12-мартында Конья шаарында өтүүчү, Европадагы негизги көргөзмөлөрдүн бири болгон «Konya Tarım» айыл чарба көргөзмөсүнө катышууга чакырды. Кыргызстандык ишкерлердин Коньяга боло турган иш сапарынын алкагында В2В форматында жолугушууларды өткөрүү жана завод-фабрикалар менен таанышуу көздөлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий