• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Өмүралиев Түркиянын Бурса шаарында иш сапары менен болду

Коом 0

Бишкек, 19.02.20. Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Бурса шаарына иш сапары болуп ѳттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, иш сапары 2020-жылдын 13-14-февралында болуп, анын алкагында элчи К.Өмүралиев Бурса аймагынын губернатору Якуп Жанболат менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Бурса аймагынын ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну арттыруу зарылчылыгы белгиленди.

Тараптар Бурса аймагынын Изник шаарында 2020-жылдын сентябрь айында өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык маселесин талкуулады. Элчи К.Өмүралиев, Кыргызстанда мурда үч жолу өткөн көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө кыргыз тарап даяр экендигин билдирди, ошондой эле Бурса шаарында “Улудаг” университетинде окуган кыргызстандык студенттердин волонтер катары көчмөндөр оюндарына катышуу зарылчылыгын белгиледи.

Элчи К.Өмүралиев эки бир тууган элдин ортосунда маданий жана тарыхый көпүрө болгон “Кыргыздар күмбөзү” мемориалы жайгашкан Изник шаарында көчмөндөр оюндарын өткөрүү символдуу экендигин билдирди. Губернатор Я.Жанболат Изник шаары жөнүндө туристик китепчелерге “Кыргыздар күмбөзү” тууралуу кошумча маалымат даярдап берээрине ынандырды.

Изник шаарына болгон иш сапарда, Элчи К.Өмуралиев Изник шаарынын мэри Мехмет Уста менен жолугушуп, Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган жерди бирге карашты. Шаардын мэри Мехмет Уста көчмөндөр оюндары үчүн зарыл болгон объекттерди курууга 20 га аянт бөлүнө турганын билдирди.

Маалымат катары: Изник шаары (байыркы аты Никея) Бурса шаарынан түндүк-чыгыш тарапта 86 км аралыкта жана Стамбул шаарынан түштүк тарапта 120 км аралыкта жайгашкан. Изник шаарынын аймагында жергиликтүү тургундар арасында “Кыргыздар күмбөзү”деп билинген 13-кылымда Изник шаарын жеңип алууга салым кошкон кыргыз жоокерлеринин урматына тургузулган Мемориал жайгашкан. Бул күмбөздө Анадолу түрктөр менен ийиндеше согушкан кыргыз жоокерлердин сөөгү жатат. Алар бекем коргонго биринчи киргени үчүн 13-кылымда Орхан Казы тарабынан күмбөз тургузулган. Бул тарыхый эстелик Түркия фонддорунун башкы башкармалыгы тарабынан 2000-жылы калыбына келтирилген 2006-жылдын октябрында күмбөздүн жанында скульптор Т.Сыдыков тарабынан жасалган кыргыз жоокеринин айкели тургузулган.

Маалымат катары: Бурса шаары Туркиянын түндүк-батышында жайгашкан, ал эми чоӊдугу боюнча Стамбулдан, Анкарадан жана Измирден кийинки төртүнчү орундагы ири шаар жана аты уйкаш аймактын административдик борбору. Бурса шаарынын калкынын саны 2019-жылга карата 3,056 млн адамды түзгөн 395-жылдан 1326-жылга чейин Бурса Византия империясына караштуу болчу. 1326-жылында түрктөрдүн византийлерди ийгиликтүү талкалоо жана курчоодон кийин Бурса Осман империясынын колуна өттү.1326-1365 жылдар арасы жаш Осман мамлекетинин борбору болду. Бурса аймагынын экономикасынын негизги тармактары айыл чарба, текстил жана унаа өндүрүштөрү, соода, туризми, минералдар (күмүш, цинк, мрамор, ж.б.) болуп саналат. Бурсада «Oyak-Renault» жана «TOFAŞ» унаа ишканалары, ошондой эле унаа компоненттери үчүн пресстөө жабдыктарын өндүргөн «Coskunoz» ишканасы жайгашкан.


Пикир

Оставить комментарий