• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Өмүралиев Түркиянын Чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тууган коомчулуктар башкармалыгынын тѳрагасы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 17.06.19. /Кабар/. 13-июнь күнү Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тууган коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) тѳрагасы Абдулла Эрен менен болгон жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда, Өмүралиев аталган башкармалыктын стипендиялык программасы боюнча кыргыз студенттерине Түркияга келип жогорку окуу жайларда билим алууларына кѳмѳк кѳрсѳтүп жаткандагы үчүн ыраазычылыгын билдирген.

Аны менен катар элчи, Ван провинциясынын Эржиш районунун Улуу Памир айылына Кыргызстандан келе турган кыргыз тил жана адабият, кол ѳнѳрчүлүк жана музыкадан сабак бере турган мугалимдердин айлык маяна маселесин чечүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүү жана Түркияда кыргыз студенттеринин санын кѳбѳйтүү боюнча ѳтүнүчүн айткан.

Ошондой эле Өмүралиев, Эржиш шаарына жакын Ван кѳлүнүн жээгинде жайгашкан этникалык "Ата Журт" этнокомплексинин ишине кѳмѳк кѳрсѳтүү ѳтүнүчүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий