• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Өмүралиев Түркиянын Энергетика бирлигинин конгрессинин панелдик сессиясына катышты

Коом 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 31-мартында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Энергетика Стратегиясы жана саясатты изилдөө борбору (TESPAM) тарабынан уюштурулган Түркиянын Энергетика бирлигинин конгрессинин панелдик сессиясына онлайн режиминде катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Афганистандын, Казакстандын жана Пакистандын элчилери, Азербайжан парламентинин депутаты, ошондой эле энергетика жаатындагы адистер, илимпоздор жана ар кандай фонддордун, университеттердин өкүлдөрү катышты.

Сессиянын жүрүшүндө элчи Өмүралиев энергетикалык потенциал жөнүндө презентация жасап, Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлор жөнүндө айтып берди. Муну менен катар, CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга, ошондой эле Кыргызстандын жаңылануучу энергия булактары жаатындагы зор потенциалына көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий