• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Өмүралиев Түркиянын ИИМ башчысы менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. 24-мартта Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен Түркиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана мындан аркы келечегин талкуулашты.

Элчи Өмүралиев эки өлкөдө жашап турууга уруксат алуу үчүн тарифтерди өз ара төмөндөтүү жана каттамдарды жөнөкөйлөтүү максатында жарандардын чек аралардан ички паспорт менен өтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө сунуштарды карап чыгууну суранды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандык жарандарга тиешелүү (кырсыктар, кармоолор, депортация жана башка) маалыматтарды өз убагында маалымдоо, ар кандай себептер менен мыйзамсыз түрдө жүргөн кыргыз жарандарына жашап турууга уруксат кагазын алууга түрк тарабынын көмөк көрсөтүүсү жана Түркиянын иш мыйзамдарын сактоо максатында Кыргызстандын жарандарын ишке орноштурган топторго көзөмөлдү күчөтүүсү боюнча макулдашууга жетишти.

Пикир

Оставить комментарий