• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Элчи Өмүралиев Түркиянын мурдагы премьер-министри Биналы Йылдырым менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-декабрында Кыргыстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасынын орун басары жана Tүркиянын мурдагы премьер-министри, парламентинин төрагасы Биналы Йылдырым менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тараптар эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын июнундагы Түркияга болгон расмий сапары учурунда жана ноябрында Түрк мамлекеттер уюмунун 8-саммитинде президент Режеп Тайип Эрдоган менен макулдашылган кыргыз-түрк өнүктүрүү фондун (инвестиция) түзүү жана биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Кыскача маалымат: Бинали Йылдырым 1955-жылы төрөлгөн. Түркиянын саясий жана мамлекеттик ишмери. 2005-2015-жылдары Түркия Республикасынын Транспорт жана инфраструктура министри болуп иштеген. 2016-2018-жылдары Түркия Республикасынын премьер-министри, 2018-2019-жылдары Түркия парламентинин төрагасы болгон. Учурда парламентте Измир аймагынан шайланган депутат, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасынын орун басары, Түрк мамлекеттери уюмунун Аксакалдар кеңешинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий