• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Өмүралиев Түркиянын соода министри Мехмет Муш менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын соода министри Мехмет Муш менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапарын, ушул жылдын жай айында өтө турган Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынын өткөрүү жана башка маселелерди талкуулашты.

Элчи Өмүралиев Мехмет Мушка Кыргызстандагы ишкерлер үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана биздин өлкөнүн энергетика тармагындагы потенциалы жөнүндө маалымат берди. К. Өмүралиев ВСП + программасынын алкагында Европа Биримдигинин базарына кыргыз продукциясынын 6 200 түрүн бажы салыгы жок экспорттоо мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Элчи ЕАЭБдин башка мүчөлөрү менен макулдашкандан кийин Түркия менен жеңилдетилген соода жөнүндө келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгү бар экенин баса белгиледи.

Министр Мехмет Муш Кыргызстандын айыл чарба, энергетика жана жер казынасын пайдалануу жана башка тармактардагы мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалап, ошондой эле түрк тарабы ЕАЭБ менен жеңилдетилген соода жүргүзүү жөнүндө келишим түзүү маселесин кароого даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий